www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэланын президенти Николас Мадуро анын бийлигин таанып, колдоп аянтка чыккан венесуэлалыктарга ырахматын айтты.
Эске салсак, Венесуэлада, 21-январда жаңы шайланган президент Мадурого каршы массалык көтөрүлүштөр болгон.
Аталган өлкөнүн оппозициялык лидери Хуан Гуайдо мыйзамсыз түрдө өзүн утурумдук мамлекет башчысы жарыялап алган. АКШ баш болгон батыштын бир катар мамлекеттери анын бийлигин кабылдап, бул үчүн Мадуро Гуайдону Американын “марионеткасы” деп атаган.
Өз кезегинде, Орусия, Кытай, Түркия баштаган бир катар өлкөлөр Мадурону легитимдүү президент катары таанып, ага каржылык жардам көрсөтүүдө.
Гуайдо 30-апрелде, Венесуэла убактысы боюнча эртең менен «Ла-Карлота» аба базасынын жанында куралчан жоокерлердин курчоосунда видео билдирүү таратып, өз планын ишке ашырыш үчүн «эр жүрөк» жоокерлерден колдоо күтө турганын айтты. Ал тарапкерлерин өзүн колдоого чакырды.
Мадуронун өкмөтү Гуайдону «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенип жатат» деп айыптады.
«Reuters» агенттиги Каракастагы авиабазанын жанында Гуайдого жана ондогон адамдарга карата көздөн жаш агызуучу газ чачылганын кабарлады.
Булак:NazarNews.kg