www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин V чакырылышында парламентке "Ата Мекен" партиясы аркылуу депутат болуп келген, учурда "Үмүт-2020" элдик кыймылынын жетектеген Ширин Айтматова "элиталарга" арналган кезектеги видео-иликтөөсүн жарыялады. Анда ал Токмокто 1912-жылы, Кыргызстанда алгачкы болуп курулган китепкананы учурунда аталган шаардын мэри болуп иштеп турган Канатбек Исаев болбогон баага кантип, кимдерге сатып жибергени, шаардын мурунку маданият бөлүмүнүн жетекчиси Сабира Турусбекова канткенде аны саттырбай алып калуу үчүн жан үрөп чуркаганы жана эмне себептерден улам ал эже каза болгону тууралуу баяндалат.