www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык астрономдор DKIST (Daniel K. Inouye Solar Telescope) телескобунун жардамы менен Күн планетасын дал үстүнөн тартып алышты. Бул тууралуу орус булактары АКШнын улуттук илимий фондунун сайтына  шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, сүрөттү Гавай архипелагынын Мауи аралында орнотулган телескоп тарткан.

Ал эми видео аталган уюмдун YouTube каналына жарыяланды.

Кадрдан алтын түстүү элементтердин жай, былкылдап кайнап жаткан сымал кыймылын байкоого болот. Өзгөчө кызыктуу мындай видеону социалдык тармактан 2,8 миллион адам карап чыккан.

Адистердин айтымына караганда, бул сүрөттөр Күндүн физика илиминдеги жаңы эрасын ачканга мүмкүнчүлүк берет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости