www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү сайттардын бирине “Бакиевдин Минскдеги жашоосу” деген тасма жарыяланган. Тасманын чын бышыгын билүү максатында Бакиевдердин Минскдеги жашоосун жакшы билген Аскат Тейиттен видеотасма тууралуу маекке тарттык.

--Чындыгын айтканда “Жалбырак” ТВ чыгарган тасма Бакиевдердин үйү эмес. Мен алардын үйүн жакшы билемин. “Жалбырак” ТВ өздөрүнүн youtube.com каналына жүктөгөн видео менен таанышып чыктым. Ал тасма менин угушума караганда Чымкент деп жүрөт. Заңгырган үй көзүнө көрүнүп калса эле “Бакиевдердики” деп божомолдой берген туура эмес. Алардын Кыргызстандан кетип калганына жакында 10 жыл болот. Эмне эле ал кишини унута албайт таң каласың. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караганда өлкөнүн экономикасына Курманбек Бакиев салым кошту. Бул киши “бүлүнткүчтөрдүн” катарына кирбейт жана мыкты президент болгон.

Ал эми тиги видеотасма тууралуу кайра токтоло кетсем ошол тасма Whatsapp социалдык тармагында “Салам алейкум досум! Чымкентте эки бай казак кудалашыптыр, биздин кыргыз ырчылар барып ошол жерде казактар жакшы көргөн "Кызыл өрүк" жана башка ырларды ырдап беришиптир. Көрүп коюңуз деп салып аткам”, деп таратылып жүрөт.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

  

 

Последние новости