www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурларда эч нерсеге деле таң калбай калдык. Коомдо акылга сыйбас көп нерселер болууда. Төмөндөгү видео Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Шымкент шаарындагы көрүстөндөрдүн биринде тартылган. Анда бейиттин үстүнө коюлган iPhone эстеликти көрсөк болот. Бул өзгөчө эстеликте Орынбетов Заңгар Мүхтарүлы аттуу адамдын ысымы жазылган.
Эстеликте iPhone'дун бардык атрибуттары, мындайча айтканда видеокамера, логотип, эки чекесинде баскычтары жана алдыңкы бетинде маркумдун аты-жөнү менен сүрөтү берилген. Эстеликтеги жазуудан маркумдун 1993-жылы туулганын жана ал 2016-жылы бул дүйнө менен кош айтышканын билсек болот.
Буга чейин, тагыраак айтканда 2018-жылдын 25-сентябрында Орусиянын массалык маалымат каражаттарында жана коомчулукта ушул сыяктуу iPhone үлгүсүндөгү эстелик катуу талкууга түшкөн. Ал эстеликте жаш кыздын сүрөтү берилип, телефондогу логотип, баскычтар, видеокамерасы да кошо берилген. Анын туугандары орусиялык маалымат булактарынын бирине маркум өзү ушундай эстелик каалаганын айтып беришкен. Себеби ал iPhone телефонун сатуу менен алектенчү.
Ушундан улам мындай өзгөчө эстеликтер iPhone тармагында сатуу, алуу же жөн эле iPhone үлгүсүндөгү телефонду жакшы көргөндүгү үчүн коюлабы деген ой келет.
Булак: NazarNews.kg