www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алтынчы чакырылыштын депутаттары тарыхта калабыз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

--“Азыркы депуттар жакшы көп эле мыйзамдарды даярдадык, колдодук. Мисалы, алардын бири тамекини акциздөө боюнча мыйзам долбоорун айтсам болот. Бул салык жактан бюджетке бир топ киреше берди. Тактап айтканда мамлекетке чоң пайда алып келип жатат. Ошону менен катар бир канча өлкөгө пайдалуу мыйзам долбоорлору иштөөдө. Тилекке каршы эң жаман, терс таасирин тийгизген бул - учурдагы талаш маселе жараткан жаңы Конституция. Азыркы депутаттар бул мыйзам долбоорун колдоп тарыхта калабыз. Себеби, эң супер президенттикти алып келген Баш мыйзамды колдоп, чоң ката кетирип жатабыз. Ошондой эле экинчи чоң кемчилигибиз эки референдумду колдоп, өткөрдүк.

Эми алдыда дагы шайлоо болот. Анда дагы терс көрүнүштөр болбой койбойт. Аларды дагы колдой турган болсок, эң начар чакырылыш катары тарыхта калабыз”, - дейт Бекешев.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости