www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары кечээ калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков менен жолукканда жол кирени токтоосуз жогорулатууну талап кылып, эгер ал аткарылбаса ишке чыкпай кое тургандыктарын айтышты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Вице-мэр менен жолугушууга транспорт компанияларынын жетекчилери, Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциацияларынын төрагалары жана машруткалардын айдоочулары келген.

Анда жол кире маселеси жана айдоочулар төлөп жаткан салыктын пайызын азайтуу талкууланган.

«Өз кезегинде айдоочулар жол кирени токтоосуз көтөрүүнү талап кылып, эгерде андай болбосо, эл ташыганга чыкпай кое тургандыктарын билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Вице-мэр суроолордун баары мыйзам жолу менен чечилиш керектигин, бул маселе боюнча мэрия иштеп жаткандыгын билдирген. Ал эми айдоочулардын ишке чыкпай коюшу коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратып, шаар бийлиги менен эл ташыган фирмалардын ортосундагы келишимди бузгандык болорун эскерткен.

УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын кызматкери Санжар Канаев транспорт боюнча шаардык кызматка саботаж кылып, «коомдук терс пикир жаратуу максатын көздөгөн деструктивдүү күчтөрдү» табууга көмөк көрсөтүлөрүн жана бул боюнча мыйзам чегинде чара колдонуларын айткан.

Вице-мэрдин айтымында, тарифтерди көтөрүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Депутаттар бул маселени карашы үчүн документтер мыйзамга ылайык тиешелүү регламенттин бардык этаптарынан өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости