www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин комитет жыйынына бүгүн Гепатит Д оорусун дарыгерлерден жуктуруп алган жаран келип, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге чыркырап кайрылды.

Ал буга чейин далай жолу министрдин кабылдоосунда болууга аракет көргөн бирок анын жардамчылары ар кандай шылтоо менен министрге жолуктурбай жүргөн. Оорулуу адамдын айтымында ал беш жыл аралыгында дарылануу үчүн бир миллион сомдон ашык каражатын жумшаган. Ооруну болсо алдын алуу боюнча өлкөдө бир дагы иш алып барылбай жаткандыгын айтат сыркоологон жаран.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, гепатиттин оор формасын доктурлардан жуктуруп алган адамдын сөзүн колдоого алып, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге көчмөндөр оюунуна корогон акчаны Гепатитти алдын алууга жумшайлы деп демилге көтөрбөгөнүн сынга алып, министрлик медицинаны жакшыртуунун ордуна “джип” унааларын сатып алып жаткандыгына ачууланып, отсавкага кетип калуусун сунуштады.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости