www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда полиция аткезчиликке (алкоголдук ичимдик) шектелген адамдын жүргөн жери тууралуу баалуу маалымат алуу үчүн сүйлөй ала турчу тоту кушту суракка алды, деп жазат Times of India жергиликтүү басылмасы.

Укук коргоо кызматкерлери шектүү адамдын үйүнө аны кармоо үчүн келишкен. Бирок, Маллах аттуу адам шериктери менен качып чыгып, үйдө капастагы сүйлөй ала турчу тоту куш гана калган.

Полиция кызматкерлеринин бири аталган куш менен сүйлөшүүнү чечип, ага ээси тууралуу бир нече суроо узаткан. Тиешелүү видео социалдык тармактарга тараган. 

Тактап айтканда, полиция шектүү Маллах кайда жоголуп кеткенин жана ээси чындап эле аны үйдө жалгыз калтырып кеткенби, деп сураган.

Ошого карабастан, суракка алынган канаттуу үй ээси жөнүндө айтуудан кескин баш тарткан. Тоту куштун курсагы ачса керек, анткени анын оозунан«табак» деген сөздөн башка эч нерсе чыккан эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости