www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Садыр Жапаров элди сүйрөп кете ала турган лидер болушу керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
--“Азыр улуттук мекенчил адамдардын убагы келди деп эсептейм. Садыр Жапаров күчтүү адамдарды чогултуп, аларды менен элди кошо сүйрөп кете ала турган лидер болушу керек. Себеби, эл бүгүн дагы үмүт менен күтүп жатат. Азыр алардын талабын, ишенимин аткарууга убакыт келди деп ойлом.
Элдин агымы бир багытка болуп турат. Ар бир бийликке келген адамдын колунда чоң мүмкүнчүлүктөр болот. Учурда ошолор Садыр Жапаровдун колунда болуп турат. Ошондуктан өнүгүүгө багыт алган программа менен кетсе жакшы болмок. Элибиз айкөл, мамлекетибизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Аларды туура пайдаланып калышыбыз абзел.
Ал эми башка саясатчыларга айтаарым болду, ар ким өз кызыкчылыгын көздөгөндү токтотуп, бир муштум болуп, биригип өнүгүү жолуна түшкүлө. Азыр дүйнө жүзүндөгү мамалекеттер күн сайын жаңы ачылыштарды жасашууда. Биз баягы эле саздан чыга албай бийлик, кызмат талашуу менен алектенип отурабыз”, - дейт Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg