www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул убакка чейин мамлекеттик кызматта иштеп, мамлекеттик бюджетке же кол салгандардын ар бири текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал 10 ай ичинде УКМКнын антикоррупциялык кызматы 116 миллион сомдун тегерегинде каражатты мамлекеттин бюджетине кайтарганын айтты.

«Биз кармаган чиновниктерди абакка отургузбай, уурдаган акчаларын мамлекеттин бюджетине кайтарып берсе, «тергөө менен кызматташты» деген жүйөнү колодонуп, кое беребиз. Кандай кызматта иштебесин, баары текшерилет. Садыр Нуркожоевичтин бизге берген тапшырмасы ушул», - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости