www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи кар жаады деп журтубуз жарым жартылай сүйүнүп, жарым жартылай кайгырып жаткан чак. Кээ бир райондордо же жылуулук жок, анысы аз келгенсип свет да өчүп калган.

Ошентип маанайы түшүп турган элди бир жыргатып коёлу дегенби, айтор өздөрү айткандай "бухтан" берип көчө таптап баскан мас абалындагы кыргыз кыздардын видеосу таркады. Видеону көргөндө алгач эле оюубузга булар кимдер, үйдө тыя турган ата-энеси, ага-иниси жокпу?-  деген ойлор келди.

Чынында эле кыргыз кыздары "кыргыз арагын" колтукка кысып анысы аз келгенсип, аягында чечинип, жылаңач денесин көргөзгөнү кандай? Кыргызмын дегендер баарысы көргөндө эле көзүнө өөн учураса керек!

"Кызга кырк үйдөн тыю"- деген макал жөн жерден чыкпаган. Кыздар эмне болсоңор да ата-энеңерге сөз тийгизип жүзүн жерди каратпагылачы! Кандай гана адепсиз көрүнүш жылаңач денесин көргөзүп, сөгүнүп, арак ичип көчөдө басканыңар. Ойлонгула эртең силер эне болосуңар! Эртең өзүңөргө эле оорулуу баланын кереги жок болсо керек. Ден-соолугу бекем бала төрөш үчүн азыртадан өзүнөргө карагылачы көчө таптап сасып арак ичпей!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости