www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Баш мыйзамдын долбоорун карады. Айрым эл өкүлдөрү сын айтканы менен аягында бир добуштан колдоп беришти.
Жыйында депутат, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков баяндама жасап, референдумду 11-апрелге жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өткөрүүнү сунуштады.
Адегенде эле депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алабы деген суроону кабыргасынан койду. Ал парламент өзгөртүүгө укуктуу экенин белгилеп, ал эми жаңысын кабыл алуу Баш мыйзамда жазылбаганын айтты. Бул суроого комитеттин төрагасы да, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү дагы так жооп бере алган жок.
Ал эми Аида Касымалиева буга чейин депутаттар берген сунуштар Баш мыйзамдын долбооруна кошулбай калганын айтты.
«Конституциялык кеңешменин катчылыгынан сурасам бир да сунуш келген жок деп жатат. Анда биз айткан сунуштар кайда кетти, эмнеге кайра-кайра талкуулап жатабыз? Бүгүн комитетте каралып жатат, эми мындан ары регламентке ылайык эч жерин өзгөртө албайбыз. Биздин өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүбүз иштебей калды. Баш мыйзам редакциялык жагынан дагы уят болбогудай болушу керек. Текст боюнча бардык мүчүлүштүктөрдү карап чыгышыбыз керек. Азыр чачын тарабаган адам сыяктуу болуп калган. Ушул бойдон кетсе баарыбыз уят болобуз», — деди Касымалиева.
Белгилей кетсек, 17-февраль күнү жаңы Баш мыйзамдын долбоорун демилгечи болду делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган. Эл өкүлдөрү бир нече кемчиликтерин таап, сунуштарын беришкен. Анда Конституциялык кеңешменин катчылыгы карап чыгып сунуштарды кошо турганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg