www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга иштегени келген чет-өлкөлүк жарандардын 85 пайызы Кытай эл Республикасынын жарандары. Бул жагдай жергиликтүүлөрдү кооптондуруп, келечекте өлкөнүн экономикасына жана коопсуздугуна коркунуч жарала турчу фактор катары баамдалып жатат. Ал эми дем алыш күндөрү социалдык тармакта кытай жаранынын кыргыз атуулдарына атырылып, “колуңардан келгенин кылып алгыла-депутатка чалам” деген опуза мамилеси коомчулуктун кыжырын келтирип, кытайлык жарандардын өлкөгө кирүү агымын токтотуу талабы коюлуп жатат.

Көз карандысыз журналист Элнура Кулуеванын айтымында кытай жарандары кийинки убактарда Кыргызстанда өзүлөрөн өтө эле эркин алып жүрө баштады. Алар өз өлкөсүндө кыла албаган мыйзамсыз иш аракеттерге барып, жада калса өлкөнүн жөнөкөй жараны эмес, расмий бийликтин өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулук көрсөткөн учурлары байма-бай каттала башташы, бул эң эле кооптуу коңгуроо. Бул учурда айрым атка минерлер жагдайдан жыйынтык чыгаруунун ордуна аларга карата мамлекет тарабынан ар кандай жеңилдиктерди издеп жаткандыгы өтө эле шектүү абал дейт журналист айым. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстанда сандык эсебинде Кытайлыктардан кийин эле Туркия жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү бөлүнгөн квотанын басымдуу бөлүгүн алышат.

Жалпысынан бизде эмгектенген чет-өлкөлүк компания үчүн квотанын баасы 4 миң сом, бир кишиге уруксат кагаздарын алуу учун 2 миң сом сарптоо зарыл болсо, жакын арада анын өлчөмүн жогорулатуу мерчемделип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости