www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда бир нече күндөн бери интернет айдынында Кытайдагы этникалык кыргыздардын кысымга кабылып, жардам сурап жатышкандыгы маалым. Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз азыркы убакта камалып жатат. Туткундагы себепсиз олтурган кыргыз боордоштордун эртеңки тагдыры кандай болот, бийлик бул иште кандай жардам кылаарын окурмандарга айтып берүүнү чечтик.

Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу буга чейин жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшкөн. Азырынча бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактап жатканын кабарлоо менен чектелип жатат. Ал эми мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, мындай маселе мамлекеттик денгээлде каралып сөзсүз түрдө көзөмөл кылуу керек деп кошумчалайт.

Азыр кытай мамлекетинде жүргөн биздин кыргыздардын абалы тууралу толук маалымат жок. Ошентсе да, мындай кордук көрүп жаткан боордоштордун абалы интернет аркылуу тарап кеткен. 3-декабрда акыйкатчы Токон Мамытов жакындарын издеген кыйтайлык кайрылуучулар  менен жолугуп, алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана "саясий тарбия берүүчү" лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн. Ал эми биз мына ушул маалымат тууралу азыркы акыйкатчы Токон Мамытовко байланышка чыкканда ден соолугуна  байланыштуу жооп берүүдөн баш тартты.

Кайра тарбиялоочу деп аталган лагерде учурда канча кыргыз бар экендигин Кытай мамлкети азырынча маалымат бербейт. Бирок, алардын ички уставына ылайык кармалган жарандардын өздүк аты-жөнү да айтылбайт. Аталган лагерде жүргөн кыргыздардын аблын бир гана дипломатиялык жолдор менен жардам көрсөтүлсө болот бирок баари бир, Кытай эли  мындай кысууну токтотушу азырынча белгисиз дейт жаңы муун саясий кыймылынын өкүлү Тимур Саралаев.

Акыркы эки жылдан бери Шинжанда жүрүп жаткан саясаттан запкы көрүп саясий кайра тарбия берүүчү лагерлерге камалган жакындарына  издөө салып, камалды деген туугандарынын аты-жөнүн 29 -ноябрда Достук мейманканасында кытайлык-кыргыздардын абалын талкуулаган иш-чарада  айтышкан. Анда туугандары менен эки айдан бери байланыша албай жаткандыктарын айтып сүрөттө көрсөтүлгөн жакындарынан кабар жок экендигин төмөнкү видео тасмадан көрсөк болот.

Азыркы убакта эки тараптуу сүйлөшүүлөр боло элек. Кантсе да кабыргасы кайышып турган Кытайдагы Кыргыз туугандарга ич ара аралашуу да мүмкүн эмес. Эгерде тарбиялоочу деп аталган лагерде Кытай элинин жарандыгы болгон кыргыздар болгон болсо, муну Бириккен улуттар уюму гана дүйнөлүк маселеде карап, адам укуктарын коргоо тууралу сунуштар менен кайрылып жардам көрсөтө алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости