www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 26-октябрда Москва шаарына жумушчу сапары менен барып, Россиядагы кесиптеши Сергей Викторович Лавров менен жолугушту.
Россиянын тышкы иштер министри С.В. Лавров башында эле Ч. Айдарбековду жаңы кызматы менен куттуктап өттү. Андан соң: “Акыркы убактарда эки мамлекет тыгыз иш алып барышып, мамилеси жакшы нукта баратат.
Буга чейин президенттерибиз 4 жолу, министрлер 3 жолу жолугушту. Бул жолугушуу тышкы иштер министрлеринин 4-жолугушуусу болуп эсептелет. Жолугушуудагы сүйлөшүлгөн иштерди сөз жүзүндө эле калтырбастан, практикада аткарып, атайын проекттердин үстүндө иштеп, экономикалык, соода, инвестиция маселелерин жөнгө салуу боюнча иш алып барабыз. Сиздин бүгүнкү алгачкы визитиңиз эки өлкөнүн мамилесин дагы да жакшыртат. Айрыкча ЕАЭБ, ЖККУ, Шанхай кызматташтыгын жана башка эл аралык келишимдерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт,”- деп айтып, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду жылуу кабыл алды.
Ыраазычылык билдирген министр, алдыдагы пландар менен да бөлүшүп өттү. “Россия Федерациясы менен мамилебиз динамикалык түрдө өсүүдө. Эки тараптуу жолугушуулар алгылыктуу жыйынтыктарын берет деген ишенимдемин. Дипломатиялык байланыштан сырткары, экономикалык, аскердик, маданий келишимдер да жүргүзүлүп, иштиктүү иштер жүргүзүлүп жатканы кубандырат. Бүгүн да алдыга койгон пландар боюча так сүйлөшүп, сөзүбүздү бекемдейли. Дагы бир жолу атайын чакырык үчүн ыраазычылык билдирем,”- деп жыйынтыктады сөзүн Чыңгыз Айдарбеков.
Белгилей кетсек, бул Айдарбековдун министр катары чет өлкөгө болгон биринчи жумушчу сапары.
Булак: NazarNews.kg