www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-декабрда интернет айдыңында бир гана - "578 АСD" мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча автоунаанын сүрөттөрү жарыяланып, ал талкууга түштү.

Андагылар сүрөттөгү автоунаанын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов экенин да жазышкан. Сүрөттөрдүн биринде Мамбетов делген айдоочунун жанындагы кыздын “мамагын” кармап бара жатканын да көрүүгө болот. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, ал кыз Мамбетовдун жумуштагы орун басары.

Мамбетов буга дароо реакция кылып, айрым интернет басылмалары аркылуу сүрөттө ал эмес экенин айтып чыкты.

Ал эми бул автоунаага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы издөө жарыялады.

Бул учурда айрым медиаканалдар Алмаз Мамбетовдун буга чейинки Балыкчыда кылган окуясы, аны Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кантип сүрөгөнү тууралуу видеоматериалдар топтомун интернетке таратты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости