www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медайымды зордуктоого 45 жаштагы Түштүк-Казакстан облусунун тургуну шектелүүдө. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Окуя болгондон кийин мед айым үйүнөн жумушка чыккандан да коркуп жатат.

Маалымат боюнча, 30 жаштагы Жанар балдарынын алдында өзүн кармаганга аракет кылат. Анын үч баласы бар жана кичүүсү бир жашка чыга элек. Зубаир айылында ар бир адам аны таанышат. Жабырлануучу аял 10 жылдан бери медайым болуп иштейт. 1-октябрда жергиликтүү тургуну үйүнө чакырган. Мед айым жардам бергенге келсе, ал бир стакан арактан ичип алып, асыла баштаган.

“Ал мени полго жыгытып салды. Мен ыйлап, мага тийбөөнү суранып, жалбардым. Дивандан жастыкты алып, мени муунтуп баштады. Мен бычак, балта же башка нерсе алып мени кесет деп ойлодум. Ал бир нерсеге алаксып калганда качып чыктым”,-дейт жабырлануучу

Аялдын айтымында, зомбулук бир нече саатка уланган. Ал бир нерсеге алаксып калганда качып чыккан. Ал аркасынан кууп, жетип 10 миң теңге акча сунуштаган. Андан кийин ал эч нерсени билбейт.

Аталган айыл кичинекей болгондуктан баары бирин-бири таанышат. Жергиликтүү тургундар зордук көрсөткөн адамды жазага тартууну талап кылышууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундар шектүү адам буга чейин дагы бир нече кылмыш ишке шектелген, бирок аны кечирип, дайыма коё беришерин айтышкан.

Окуядан кийин медайымга акча да, үй да сунуш кылышкан. Бирок үч баланын энеси ал сунушту кабыл алган эмес.

Аталган кылмыш иштин соттук отуруму жабык түрдө өтүп жатат. Айыл тургундары сотко күмөн жаратышууда. Себеби, шектүүнүн прокуратурада иштеген туугандары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости