www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэрия «Бишкеккурулуш» компаниясы тарабынан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган дубалды алуу учурунда каршылыкка учурады. Буга чейин шаар бийлиги компаниянын дарегине дубалдын мыйзамсыз орнотулгандыгы боюнча билдирме жөнөткөн, бирок ага эч кандай чара көрүлгөн эмес.
-“Бишкеккурулуш” компаниясы өз билемдик менен муниципалдык аймактын тегерегине тосмо орнотуп, ичине курулуш техникаларын алып келип алган. Аны демонтаждоо Бишкек шаардык прокуратурасынын макулдугу менен жүргүзүлүп жатат. Компаниянын кызматкерлери биздин ишибизге жолтоо болуп, жолду тосуп алышкан. Ал эми курулуш компаниясы өзүнө таандык техникаларды демонтаж үчүн корогон чыгымды ордуна келтирип бергенден кийин алып кетсе болот,- дешет мэриянын өкүлдөрү.
Булак: NazarNews.kg