www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада квартира кымбат үчүн, бир комнатасына өзүң жашасаң, бир комнатасын сөзсүз бирөөгө бересиң. Мен көбүнчө эркек, бойдок балдарды алчумун. Жүгү аз болот, бирнерсе айтсаң да угат. Кыздарды алсаң, алты чемоданы менен келет. Байкуш балдар кечке иштеп келип, эптеп септеп курсагын тойгузат да, жуунса жуунду, жуунбаса ошол бойдон уйкуга кетишет.
Айлыгын алып эле, квартиранын акысын төлөйт, өзүнө бир сом алып калбай үйүнө салган балдарды көрдүм. Эже акча берип туруңчу тамак ашка дешип, кийинки айлыка чейин, кайра карыз болуп калышат. Айлык алдың го кана десең, апам тойго барат, анан кредит, палан түкүн. Өзү арзан батон алып келип, батонго майонез сыйпап жеп отурган болот. Ичкени доширак. Эмесе 30-40 миң айлык алат. Качан айлык алаарын билет үйүндөгүлөр, акчаны салгыча, эне жаныбар жүз жолу чалат. Салдыңбы акчаны, банк жабылып калат, тез салагой, банктын эшигинде отурам деп. Акчаны салып келип, чалат баласы. Телефонго жооп жок, ватсапка жазса да жооп жок. Жанагы жүз жолу чалган энеден кабар жок. Жок дегенде, акчаны алдым деп койбойт. "Золотая корона" өзү жооп берет, апаң акчаны алды деп. Түнкү сменден келген бала, анан уйкуга кетет. Апам акчаны алыптыр деп. Бардык энелер дегенден алысмын, бирок ушундай энелер бар экенине күбө болгонмун. Акчаны алып, кафеге барып шапар тээп, бөлөк салак болуп бийлеп жүргөн ата энелер деле жок эмес. Айланайын ата-энелер, балдарыңарды аягылачы. Бөтөн эл, бөтөн жерде, эртели кечке эшек болуп иштесе, анан берет айлыкты орустар.
Жумушта бригадиринен, жолдо менттерден, үйгө келсе үй ээсинен коркуп, күн кечиришет. Балдарыңар тапкан акчаны үнөмдүү пайдаланып, беш сомун жесеңер, он сомун өзүнө сактап, топтоп бергилечи балдардын акчасын. Балдар биздин келечек, каарып аарыганда бага турган, жалгыз үмүтүбүз го. Жаштайынан отко чокко салып, ден соолугун жок кылып алсак, анын келечеги эмне болот?!..
Бекиш Минбаев (Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)