www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Булар өкмөттү, Кыргызстанды, баардыгыбызды уят кылуучу бир кагазды көтөрүп келип алышыптыр”, -деп депутат Улукбек Ормонов опрулуп ортого чыкты. Бул талаш 23-январ, бүгүнкү парламенттин жалпы жыйынында орун алды.

Кызыгы, суроо жараткан маселе Кыргыз-Индия тоолуу медициналык илимий борборун түзүү боюнча келишимди ратификациялоо учурунда пайда болду.  Анда белгилүү болгондой документке Саламаттык сактоо министри менен Индиянын Кыргызстандагы элчиси кол коюушкан. Ал эми Индия тарап муну ратификациядан өткөргөн.

Мындан улам депутат Ормонов, келишимди кыргыз мыйзамдарына ылайыкташтырып кайра алып келүүсүн айтса, “өзү бул мутный документ болуп жатат”, -деген  депутат Алмазбек Токторов, эл өкүлдөрү келишимди ратификациядан өткөргөн бир дагы учурду эстей албай коюушканын белгиледи.

Анткен менен депутат Исхак Масалиев, АКШ элчисинин нотасы менен Америка авия базасы Бишкекте жайгашып калганын эскертти. Айтымында ал нотаны ЖК депутаттары мыйзамдаштырып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости