www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте №2 троллейбустун ичинде белгисиз адам жүргүнчүлөргө кол салды. Бул тууралуу шаар мэриясы өзүнүн  Twitterдеги баракчасына жазып чыкты. 

“№2 тролейбуста жүргүнчүлөрдүн бири адамдарга кол салганга аракет кылды. Тролейбустун айдоочусу Светлана Тургумбаева милиция кызматкерлерин токтотуп, аны кармоого жардам берди”,- деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, бүгүн, 20-ноябрда саат 12:00 чамасында Логвиненко менен Чүй проспектисинин кесилишинде бычакчан адам кармалган. Кармалган ал адам Ала-Тоо аянтында жанынан өтүп бара жаткан адамдарга бычак менен кол салып жатканы айтылган.

Тараган видеодо белгисиз адамды кармоого патрулдук милиция кызматкерлерине жөнөкөй жаран жардам берип жатканын көрсө болот. Жөнөкөй жаран аны жерге жыгытып кармап жаткан кезде бычактан жаракат алган. Кылмышкер кармаган адамды бычак менен коркутуп суурулуп чыгып качып жөнөгөн. Аркасынан аталган жаран менен милиция кызматкерлери кубалап отуруп Чүй проспетисинин так ортосунан кармашкан. Аны кармоодо жаракат алган жаранды “Тез жардам” кызматкерлеринин унаасы алып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости