www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы кыргыз жарандары менен өзбек жарандарынын ортосундагы мушташтан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалымат боюнча мушташка катышкандардын барына протокол түзүлгөн.

Эске салсак, 24-ноябрда Москванын борборунда көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык менен өзбекстандык жарандар мушташа кетишкен. Аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып 15 адамды кармашкан. Алардын ичинен бешөөсү Кыргызстандын, ал эми 10у Өзбекстандын жараны болуп чыккан. Мушташтын натыйжасында эч ким жабыркаган эмес.

Эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы мушташ футболдон кийин башталган. Оюнчулардын бири эреже бузуп, экинчи команданын кыжырына тийген. Эки тарап кийинчерээк жолугушуп, эсептешебиз деп сүйлөшүшкөн. Алар 24-ноябрь күнү кенчинде Ефремова көчөсүндө жолугушкан, “разборкага” кээ бирлери күрөк жана ломдорду көтөрө келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости