www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда өткөн апта этеги, тагыраагы, 24-ноябрь, дем алыш күнү мурунку президент Алмазбек Атмабевдин кытай ишкери жана Абдукадыр кланынын башчысы Хабибулла Абдукадыр менен кучакташып, жанында Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаевдин күлүп түшкөн үчөөнүн сүрөтү тарап, ал коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Талкуунун эң эле башкы себеби – бул сүрөттүн жасалма же чыныгы сүрөт экени болууда.

Дал ушул тема менен айрымдар өздөрүнүн жекече иликтөөлөрүн да жарыялап жиберишсе, кээ бирлери жеке амбицияларына салып эле тигил же бул деген тыянактарын жазышып жатышат.

Бул учурда же бүгүн, 26-ноябрда маалыматтардын чын-бышыгын аныктоочу factcheck.kg сайты өзүнүн жеке иликтөөсүн жүргүзүп, аталган сүрөттүн жасалма эмес экендигин далилдер менен жарыялады.

Аталган сайт сүрөттүн жасалма же чындыгын аныктоо үчүн Adobe Photoshop редакторун жана Forensically бекер онлайн-сервисин колдонгон. Ага катар сүрөттүн ар бир деталдарына чейин көңүл буруп, башка бир мисал менен аргументтеширип-далилдеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости