www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга каршымын. Мындай пикирди жарандык активист Нарис Калчаев NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 3-мартта билдирди.

--“2020-жылы Кыргызстанда саясий өзгөрүүлөр болду. Жаңы бийлик келди. Кумтөр боюнча маселелер көтөрүлдү. Бирок, көптөгөн адамдар бул теманы көтөрүп, ачык айтуудан коркушат. Биз өкмөт өкүлдөрүнө дагы жарандык активисттер кирип пикирибизди айтып чыктык. Жакында депутаттык комиссия түзүлдү. Бирок бул түзүлгөн комиссияга мен каршымын. Депутат Акылбек Жапаровдун астында болот экен. Анын укуктук, моралдык дагы укугу жок. Себеби, бул иш боюнча ал мактанып, бул иште кылмыш кылганын далилдеп койду. Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишим, андан мурдагылары баары депутаттык комиссиянын келишимдери чыккынчылык менен түзүлгөн. Эч кандай мамлекеттин кызыкчылыгы корголгон эмес. Анда юридикалык жана экологиялык жагы туура эмес түзүлгөн. Бул боюнча аныктамалары дагы бар. Ошол келишимди түзгөндөргө 2012-жылы кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Алардын катарында чиновниктер дагы болгон. Тилекке каршы ал чоңдор мөөнөтүнө байланыштырып кутулуп кетишкен. Алар Кумтөрдү жергиликтүү салыктардан бошотуп коюшкан. Мисалы, жер, суу жана транспорт салыгынан бошотуп, анан 13 пайызга киргизип коюшуптур. Мамлекетке эбегейсиз чыккынчылык кылган деген Жогорку Кеңештин токтомдору турат. Аларга кылмыш ишин козголсун. Мыйзам алдында алар жооп бериши зарыл. Кечээ, Акылбек Жапаров “биз түзгөнбүз, ийгиликтерге жеткенбиз” деп мактанды. Мен эфир аркылуу суроо берейин. Кайсы ийгиликтерге жетиштиңиздер? Коомчулукка түшүндүрүп бериңизчи? Жаңы түзүлгөн комиссияга деле ишенбейм. Алар деле өйдө жакты карап отурушат. Жыйынтыгы эл каалагандай болбойт”, - дейт Калчаев.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости