www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 29-сентябрда, “Азаттык” үналгысы Райымбек Матраимовдун жигиттери “Азаттыктын” операторун карактап кетти деген маалымат таратты. Ал маалыматка ылайык, Ош шаарында аталган радионун оператору Айбек Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.
Биз бул боюнча аты аталып жаткан Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго байланышып, экинчи тараптын жообун укканбыз. Анда депутат "бизге “Азаттык” иликтөө деген атка жамынып алып, кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн 5 жылдан бери бизди эле аңдып калды" деп айтып берген.
“Азаттык” оператору жабыр тартты деген Айбек Кулчумановду дарыланууга муктаж деп билдирди. Ал эми оператор кайрылган Ош облустук оорукананын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Аятулло Өмүрзаков журналисттерге "оператор Кулчумановдун абалы жакшы болчу" деп билдирген. "Ошондо кимиси жалган айтып жатат" деп башыбыз маң...
Ош облустук оорукананын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Аятулло Өмүрзаков Кулчумановдун абалын төмөнкүчө айтып берген:
-28-сентябрь, 23:30 чамасында 1989-жылы туулган Айбек Кулчуманов аттуу жаран кайрылган. Белим ооруп жатат деп айтып келди. Травматолог менен биргеликте текшерүүдөн өткөрдүк, рентгенге тарттык. Нөөмөттөгү дарыгерлер консилиум өткөрүп, 2 саатка жаткырып, байкоо жүргүздүк. Рентгендин жыйынтыгында, баш-сөөгү таза болуп чыкты, коркунучтуу оорулар байкалган жок. Ошондуктан бейтап үйүнө жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, 28-сентябрда таңкы саат 7 чамасында Матраимовдордун үйүн "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчылары тартканы барган. Жыйынтыгы ызы-чуу менен аяктаган. Социалдык тармактарда “Азаттык” Матраимовдорго өчөшүп алды "деген талкуу эки тараптуу пикирлер басымдуулук кылууда.
Булак: NazarNews.kg