www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы Көк-Жар айылындагы ресторанда ур-токмокко кабылган фотограф кыздын окуясы тууралуу маалымат берди.
Тактап айтканда, 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 2002-жылы туулган жаран Б.М. арыз менен кайрылган. Ал Көк-Жар айылындагы ресторандын ичинен белгисиз адам тарабынан себепсиз сабалганын билдирген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен катталган.
«Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Э.А.ны суракка алышкан. Э.А. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мас болгондугун билдирген.
Ал эми жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын
корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил жаракат алганы аныкталган. Бардык керектүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин материалдар сотко жиберилет.
Ошону менен бирге жабырлануучунун бул фактты милиция кызматкерлери каттабай коюшту деген мааламат чындыкка дал келбейт», - деп айтылат милициянын маалыматында.
Булак: NazarNews.kg