www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын жарандарына түз да, кыйыр да тиешеси бар Айеркен Саймаитинин Стамбулда өлтүрүлүшү өлкөдөгү криминагендик абалдын жеткен чеги болду окшойт.
Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанды 50-жылдардагы Сицилияга салыштырып өттү. Кыргызстанда сабап, өлтүрүп атышат, Стамбулда атылып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити Башкы консулдун унасын айдап жүрөт, ал эми аны атып кетти – деп кыргызстандыктар колго түштү.
“Андай болсо Россияда Азиз Батукаев дипломатиялык номур менен унаа айдап жүргөн жокпу? Кыргызстан акырындык менен 50-жылдардагы Сицилиянын кейпин кийип баратат. Кылмыштуулук, криминал мамлекетке, анын институттарына ачыктан-ачык чакырык жасап жатат. казынага 5 миллиард сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаити Стамбулда консулдун дипломатиялык номуру менен жүрүптүр. Бул эмне деген башаламандык? Ким жооп берет? Эмнеге биз буга тиешебиз жоктой болуп унчукпай отурабыз? Же бул күнүмдүк эле нерсеби? Бүгүн өкмөт башчы бул жерге келип, окуя боюнча толук маалымат берсин” – деди Шыкмамамтов.
Булак: NazarNews.kg