www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Орусия менен Украинанын президенттерине Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун киргизген. Бул тууралуу Назарбаев “Мен Украинанын президенти Зеленский менен жолуктум, аны уктум. Ал эми,  кечээ күнү Владимир Путин менен бул көйгөйдү кантип чечүү керек деген темада сүйлөштүм. Мен ойлойм, Орусия менен Украинанын президенттери өздөрүнчө ээн-эркин сүйлөшүшсө жакшы болмок”, -деп “Астана клуб” дискуссиялык аянтчасында билдирген. Назарбаев Украинанын лидери бейтарап аянтчада жолугушууга макул болгондугун да  айткан.

Ал эми, кечээ бул сунуш боюнча  Орусия бийлиги үн катты. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Назарбаевге жолугушууну уюштуруп берейин дегенине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал, Путин Зеленский менен жолугушууга  макул экендигин, бирок, бул маселе боюнча дыкат даярдануу керектигин  жана буга Украина да кызыкдар болушу керектигин билдирген. Азыркы учурда Орусия 29-ноябрда Минскте боло турчу “Норман форматындагы” (Орусия, Украина, Франция жана Германия мамлекеттеринин саммити) саммитке даярданып жаткандыгын Димирий Песков айтып өттү. “Норман саммитинде” Донбасс маселеси да каралмакчы.

Эске салсак, эки тарап Крым жана Донбасс маселеси боюнча бир пикирге келе албай жүрүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости