www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин атын унутуп калганын моюндады. Бул тууралуу эл өкүлү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 18-майдагы жыйында сүйлөп жатканда ЖКнын кызматкери башка документти берип койгондуктан, ал кокусунан сөздөрдү туура эмес айтып алган.

"Жогорку Кеңештин кызматкери мага туура эмес кагазды берип койгон",- деп түшүндүрдү Икрамов. – Докладды Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев окумак. Бирок мага башка кагазды берип коюшкандыктан, документте анын аты болгон эмес. Бардык министрлерди эстеп калуу кыйын. Анан мага дагы бир орун басарды беришти, аты ким эле... Ошол учурда мен Кашкар Жунушалиевдин атын унутуп койдум", - деди Икрамов.

Эл өкүлү бардык чиновниктерди эстеп калуу кыйын экендигин, анткени "ал робот эместигин" айтты. Мындан тышкары, Икрамов коомчулук ЖКнын комитеттеринде көтөрүлгөн темаларды талкуулоонун ордуна, депутаттардын кетирген каталарына көңүл бураарына таң калаарын жашырган жок.

"Биз бардык чиновниктердин аты-жөнүн эстеп кала турган робот эмеспиз", - деп баса белгиледи Икрамов. - Алар депутаттардын каталарын эмес, комитетте талкууланып жаткан маселелерди, кабыл алынган мыйзамдарды талкуулашса жакшы болмок. Кара санатай кишилердин көз карашын өзгөртө албайсың. Мен үчүн алар эч ким эмес”, - деп айткан Икрамов.

Эске салсак, 18-майдагы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Тазабек Икрамов министр Кашкар Жунушалиевдин аты-жөнүн туура эмес айтып алган.

Андан кийин ЖКнын кызматкерине башка документти берип койгону үчүн кыжырданганы талкуу жараткан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости