www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун кийлигишүүсү менен Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну, беш баланын энеси Султанбек кызы Мээримдин үй-бүлөсүнө турак жай салуу үчүн жер тилкеси берилди.
Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, эки майып баланы баккан үй-бүлөдөн кабар алган. Үй-бүлөдөгү улуу балдары Изат менен Кубанычбек басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, үйдө ата энесинин кароосунда отурушат. Алардын ата-энеси турак жай салууга жер тилкеси керек экенин айтып, бирок акча каражатынын тартыштыгынан кыйналып жатканын билдирген. Мындай маселе Төраганы кайдыгер калтырбай, муктаждыкты чечүүгө болгон аракетин жумшай турганын айткан. Айтылган убададан жыл айланбай Мээримдин үй-бүлөсүнүн тилектери орундалып отурат.
Төраганын өтүнүчүн колдогон «Кызыл кайрат» кайрымдуулук фонду аталган үй-бүлөгө Кызыл-Суу айылынан үй курууга жер тилкесин сатып берди. Мындай ишке айылдаштары дагы кайдыгер эмес экендигин айткан Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Манас Алымов жакын арада үйдүн пайдубалы түптөлөрүн кошумчалады. Ал эми ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жакын арада борбор калаада медициналык текшерүүдөн өтүп, ден-соолугун чыңдамакчы деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg