www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Дүйшөн Төрөкулов бизди эле эмес Жапаровду, Ташиевди дагы алдады” - деди бүгүн, 14-июлда NazarNews маалымат агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Варис Абдуллаев.
--“Менин ишканамды тартып алган Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун УКМКга түшүнүк кат жазып үй камагына чыккан. Бирок азыркы күнгө чейин жыйынтык жок. Ал бизге жолукканда мен “баарын колума алып алгам, билгениңди кылып ал” дегенсип ишканамды кайтарбай жатат.
Ошондуктан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам бир жолу камап, ишкананы кайтарып анан чыгарышы керек. Болбосо бул депутат мени дагы, УКМКнын төрагасын дагы “төлөп берем” деп алдап чыгып кетиптир. Соттордун чыгарган чечими акыйкатсыз.
Кыргызстанда ушуларга окшогон “каралар” бирөөнүн ишканасын, буюмдарын тартып алып, менчиктеп алышса ишкерлик кылгың келбей калат экен. Депутатмын, эч нерсе кыла албайсың деп жатат. Бул адамга карата мыйзамдуу чара көрүлсүн. Андыктан Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана тиешелүү органдарга кайрылам, акыйкат чечим болсун”, - дейт Бишкек шаарынын тургуну.
Ал эми ишканасын тарттырып жиберген Варис Абдуллаевдин жубайы Чынара Жамгырчиева азыр бул ишке байланыштуу иш токтоп калганына нааразы.
--“Азыр биздин бул иш токтоп турат. УКМК эмнеге токтотуп койгондорун билбейбиз. Депутат Дүйшөн Төрөкуловго жолдошум экөөбүз эки жолу жолуктук. Ошондо ал “мен баарын колго алып койгом, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев менен дагы эсептешкенбиз. Берчүүмдү бергем, мындан ары эч нерсе кыла албайсыңар. Эгер ишкананы кайтарып алгыңар келсе, эл алдында мени “күнөөсүз”деп актап берсеңер, азыр Ошко барып, ишкананы силерге өткөрүп бергенге даярмын. Телеканалдар аркылуу чыгып мени элге мактап, актап беригиле. Мен азыр дагы эл өкүлүмүн. Келээрки шайлоого дагы катышып, депутат болуп барам” деп жатат.
Ал ушуну менен чектелбестен бизди коркутуп жатканын дагы билебиз. Карапайым элдер кантип оокат кылат, качанкынга чейин колунда бийлиги бар адамдардан жабыркай беребиз? Мен Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ушул маселени чечип берүүнү өтүнөм”, - дейт Жамгырчиева.
Булак: NazarNews.kg