www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын 43-президенти Жорж Буш экөө,  сахнада чимирилип бийлеп жаткан учурун орус маалымат булактары  видеосу менен  кошо жарыялашты. 

Видедо көрүнүп тургандай, эки өлкөнүн  президенттери   "Барыня" чыгармасы болуп жаткан учурда сахнага бийчилер менен кошо чыгып бийлешкен. 

Бул кадр "Путин. 20 лет" (20.kremlin.ru) долбоорунун алкагында жүктөлгөндүгү белгилүү болду.  Бул долбоордун алкагында Путиндин өлкө, өкмөт башында турган учурундагы  уникалдуу 600 сүрөт жана 100  видеоролик жүктөлгөн. Бул долбоор Кремлдин расмий сайтында былтыркы жылдын аягынан тарта башталган

Ал эми аталган видео кайсыл жылы жана кайсыл жерде тартылган деп кызыгып жатасызбы?

Анда бул кадр  2008-жылдын апрель айында Сочи шаарында тартылганы белгилүү болду. Ал учурда Жорж Буш президент макамында болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости