www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын сот бийлиги «Украинанын эл аралык аба жолдоруна» таандык учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү деген шек менен бир канча адамды камакка алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Кармалгандардын саны такталган жок.

Мунун алдында президент Хасан Роухани атайын кайрылуу таратып, 176 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгын иликтеш үчүн атайын сот түзүүнү сунуш кылган жана “кечирилгис катага жол бергендердин баары жазасыз калбайт”,-деп убада берген.

Иранда 11-январдан бери учактын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык акциялары токтой элек. Анда Ирандын бийлигин, анын ичинде жогорку руханий лидер Аятолла Али Хаменеини сындаган пикирлер айтылып жатат.

Эске салсак, 8-январда таңга маал Тегерандан Киевге жол тарткан учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле кулап түшкөн. Жүргүнчүлөр да, экипаждардын бирөө да аман калган эмес. Иран бийлиги төрт күндөн кийин учакты «кокусунан» атып алганын мойнуна алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости