www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги кытайлык жарандар наристелерди жеп жаткандыгы тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан аудио жаздыруу боюнча билдирүү таратты.

Буга чейин белгисиз адамдар социалдык тармактарга кытайлар иштеген жерде наристелердин сөөктөрү табылгандыгы жана аларды кытайлык жарандар жеп жаткандыгы тууралуу маалымат таратышкан. ИИМдин басма-сөз кызматы кабарлагандай, мындай маалыматтар жалган жана чындыкка дал келбейт.

Андан сырткары, аудио жаздырууну тоолуу аймакта тартылган видео тасма коштоп, анда көп адамдардын ыйы түшүрүлгөн. Дыкат иликтөөнүн натыйжасында видео тасма 10-январда Кумтөр алтын кенинде, көчкүнүн алдында калып каза болгон жумушчуларга куран окуу учурунда тартылып алынгандыгы белгилүү болду. Учурда милиция кызматкерлери мындай жалган маалыматтарды таркатып жаткан адамдардын өздүгүн аныктоо иш чараларын жүргүзүүдө.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости