www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары ордуна пайдалуу азыктар

Кайсы жерибиз болбосун, оорунун биринчи белгилери сезилери менен таблетка ичкенге шашабыз. Ооруну басаңдатып, мурунку жакшы маанайыңызды кайра кайтаруучу азыктар бар экенин биле бербейбиз.

Ич ооруда

Петрушка

Тамак сиңирүүнү калыбына келтирет, ашказан ширесинин кычкылдуулугунун деңгээлин төмөндөтөт, ичтин көбүшүнөн арылтат.

Папайя

Бул жемиште сезгенүүгө каршы турган жана ооруну басаңдатуучу касиетке ээ папаин аттуу фермент бар. Ал тамак сиңирүүнү да калыбына келтирет. Бир чыны папайя ичегилердин туура иштешин жөнгө салат.

Банан

Курамында ичегилердин жакшы иштешин жөнгө салууга чоң салым кошкон бутират аттуу зат бар. Ошондой эле банан зарна менен күрөшүүгө жардам берет.

Ананас

Бул жемиш ооруну дары-дармектен кем эмес басаңдатуучу бромелайн затынын булагы. Ошондой эле ал шишик менен сезгенүүдөн да сактайт. Ич катуунун алдын алат жана тамак сиңирүүнү жөнгө салат.

Баш ооруда

Майлуу балыктар (форель, сардина, сельдь). Жүрөктүн ыргагын жөнгө салат, сезгенүүнү жана шишикти азайтат, баш ооруну басат.

Дарбыз

Организмге суу жетишсиз болгон үчүн баш оорушу мүмкүн.Жетишпеген нымдуулукту толуктоого дарбыз жакшы жардам берет.

Жашыл жалбырактар

Салат жалбырагы, жалбыз, ат кулак сыяктуу желе турган жашыл жалбырактар магнийдин булагы болуп эсептелинет. Магний болсо мигренде баш ооруну азайтат.

Булчуңдар ооруганда

Кофе

Денеге физикалык күч келтирген учурда пайда болгон булчуңдардын оорусун азайтууда кофе жардам берет.

Кызыл жүзүм.

Бул жүзүмдүн курамындагы ресвератрол деп аталган химиялык кошулма сезгенүүгө каршы касиетке ээ.

Помидор ширеси

Организмде калий жетишсиз болгондо бут тырышат. Бул минерал кофени ченинен ашыкча ичкенде, ашыкча тердегенде жуулуп кетет. Помидор ширеси болсо калийге бай, аны күн сайын 300 граммдан ичип туруу менен булчуңдардын оорусун жок кылса болот.

Муун оорусунда Апельсин

Башка ток сары жашылча-жемиштер сезгенүүгө каршы туруп, ревматизм, артритте ооруну басаңдатат.

Ачуу калемпир

Чили калемпиринин курамында ооруну басуучу капсаицин аттуу зат бар. Ал оорунун очогуна тез жетип, аны басат.

Алча

Подагра оорусун дарылоодо алча жардам берери изилдөөлөрдө далилденген.

Башка ооруларда

Лосось

Омега-3 көкүрөк оорусун жеңилдетет. Ал үчүн жумасына 3 жолудан балык жеп туруу керек.

Имбирь

Бул азыктын, биринчиден, сезгенүүгө каршы касиети бар. Экинчиден, айыз учурундагы оорудан сактайт.

Йогурт

Йогурт кальцийге бай азык, ал нерв системасын тынчтандырат. Күнүнө экиден йогурт жеп турган шартта оорунун белгилерин 48%га алдын алат.

Булак: Леди.kg

 

Последние новости