www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жараны өлкөнүн аймагына түгөйүнүн паспорту менен кирүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Москвадан келген 21 жаштагы жигит "Ош аэропортунан" кармалган. Ал чек арачыларга жалпы жарандык паспортун көрсөткөндө, кызматкерлер сүрөтүнөн айырмачылыктарды байкап калган.

"Сурак учурунда ал эгизинин паспортун алып жүргөнүн билдирди. Бир туугандардын келбети опокшош болгону менен бет түзүлүшүнөн айырмачылыктарды байкоого болот", — дешти Чек ара кызматынан.

Кармалган киши УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости