www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын куудул президенти Владимир Зеленский кечээ, 26-октябрда Донбасстагы Золотое айылында болуп, андагы Украинанын улуттук гвардиясынын курамына кирген “ батальонун” бир аскери менен кайым айтышты.

Зеленскийдин ал жакка барган максаты - анда орустар менен согушуп жаткан украиналык ыктыярчылар менен ал жактан аскерлерди чыгарып кетүү темасында сүйлөшүү болчу.

Себеби, буга чейин, тагыраагы, 1-октябрда Минксиде болгон үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча “Штайнмайер формуласы” –документине кол коюлган. Ал документте Донбасска өзгөчө статус берүү механизмдерин аныктоо, ошондой эле амнистия мүмкүнчүлүктөрү жана андагы шайлоолорду Киевдин көзөмөлдүгүсүз өткөрүү каралган. Бул макулдашууга каршы 6-октябрда Киевде миңдеген митингчилер көчөгө чыгышып, “формуладагы” макулдашуулар Украинаны капитуляциялоо катары саналат” деп, бийликке нааразычылыктарын билдиришкен.

Буга чейинки тараган видеолордо улутчул-согушкерлер алгач Зеленскийди фронттук чайга чакырышып, алгач чай үстүндө баарлашуу болгон. Бирок, чай ичип бүткөндөн кийин чыңалуу күч алып, жолугушуу Зеленский ойлогондой болбой, ортодо “олуттуу сүйлөшүү” жүрбөй калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости