www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Тергөө абагында жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет. Мындай чечимди Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязеддинова кабыл алганын аталган соттон кабарлашты. 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн.

Мындан соң сот Исаковду мажбурлоо жолу менен алып келүү жөнүндө токтом кабыл алды.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Бул иш боюнча сот быйыл февраль айынан бери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости