www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Тилекмат Куренов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу бийликке кайрылуу жасады.

Куренов өзүнүн кайрылуусунда Садыр Жапаровдун саясий куугунтук болбойт деген убадасында туруусунун талап кылган.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сизге акыл үйрөткөнгө акыбалым да жок, бирок, менин сизге сунуш айтып, талап койгонго толук укугум бар. Азыр саясий негизди үч активист, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай жана Эмил Бекиев абакта отурат. Алар алтын уурдап же пара алганы үчүн кармалган эмес. Алар жеке пикирин айтканы үчүн камакта отурат. Сиз бийликке келгенде эч бир жаранга саясий куугунтук болбойт деп айткансыз. Ошол убадаңызда туруңуз», - деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости