www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Садыр Жапаровго кызмат сурап барган жокмун, сунуштарды дагы күтпөйм”, - деди NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Жылдызкан Жолдошова.
--“Учурда мен Баш мыйзам жана саясат боюнча калыс пикиримди ачык айтып, жазып жатам. Бирок айрымдар Садыр Жапаров Жылдызкан Жолдошовага кызмат бербей коюп, ошондуктан ага каршы чыгып жатат деп жатышат. Бул жаңылыштык. Мен болгону калыс оюмду айттым. Биринчиден мен Садыр Жапаровго кызмат сурап барган жокмун. Экинчиден мага азыр кызматтын дагы кереги жок. Себеби, 40 жыл аткаруу бийлигинде иштедим. Айрымдар “сиз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин башына кыйынчылык түшкөндө дайыма колдоп жүрдүңүз, алар унутуп калыштыбы, азыр сүйлөшүп турасызбы?” деп көп сурашат. Оба Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибековдор менен бир партияда, бир туугандай болуп калганбыз. Алардын башына кыйынчылык күндөр келди. Албетте мен аларды таштабай колдоп келдим. Ал кылган жакшылыктарымды милдет кылбайм. Бул адамдык сапатым. Негизи кылган жакшылык бирөөдөн кайтса дагы Кудайдан кайтат. Азыр алар эстебейби же унутуп калдыбы билбейм, ачыгын айтканда көптөн бери сүйлөшө элекмин. Садыр Жапаров инимден кызмат боюнча сунуш күткөн жокмун. Садыр иним “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” демекчи, мен чындыкты ачык айтып, туура жол көрсөтсөм ошол сизге жардамым. Андыктан башка кызматка баруу оюмда жок. Эгер мыкты партиялардан сунуш түшсө парламенттик шайлоого катышам”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg