www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караганды облусунан төрт жолу парламентке шайланган казакстандык депутат Бекболат Тлеухан ыйгарым укугун токтотту. “Нур Отан” башкаруучу партиясынын өкүлүнүн мөөнөтүнөн мурда отставкасы 29-декабрда жалпы жыйында кабыл алынды.

Мурдагы эл өкүлүнүн ысымы дайыма ар түрдүү жаңжалдарда аталып келген. 29-декабрда Тлеухан ага көп аялдуулук жөнүндө суроо берген журналист Айнур Коскинага кол көтөргөн. Журналист бул окуядан кийин дароо полиция чакырган, кийин бөлүмдө денесиндеги көгаланы видеого түшүрүп, депутатка каршы арыз жазган.

Анткен менен депутаттын отставкасын бул окуяга байланыштырышкан жок. Тлеухан өзү Этноспорт боюнча дүйнөлүк конфедерациянын вице-президенти болуп дайындалганын, уюмдун башкы кеңсеси Стамбулда жайгашканын айтты.

Буга чейин депутаттыктан тышкары Тлеухан Казакстан президентинин оркестрин, маданият комитетин жетектеп, маданият министринин орун басары кызматтарын аркалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости