www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан орнотулган жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстердин жардамы менен жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Автоматташтырылган комплекс аркылуу жасалма мамлекеттик каттоо номуру менен жүргөн жана буга чейин 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы жана айдоочунун мурда чыгарылган айып пулдарды төлөбөгөнү аныкталды.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тимур Кадыров тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү.
Айдоочуга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлүп, транспорт каражаты айып короого киргизилди.
Жаза чарасынын сөзсүз колдонулушу — мыйзамдын негизги принциптеринин бири. Башкача айтканда, жол кыймылынын эрежелерин бузган ар бир адам мыйзам алдында жооп берип, белгиленген тартипте тиешелүү чарага тартылат. Мыйзам талаптарын аткарбоо же мурда берилген айып пулдарды төлөбөй жүрүү жоопкерчиликтен бошотпойт.
КР ИИМ ЖКККББ жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча заманбап автоматташтырылган системалардын жардамы менен ишти күчөтүлгөн тартипте улантат.