www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө скутер тебүүгө тыюу салуу сунушталууда

Ысык-Көлдө гидроцикл (скутер) тебүүгө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов иштеп чыкты.

Маалыматтык негиздеме айтылгандай, акыркы жылдары Ысык-Көлдө гидроциклдин катышуусу менен болгон кырсыктар көп катталып, анын айынан адам өмүрү кыйылган учурлар да бар. Анын майы көлдүн сууну менен аралашып экологияга терс таасирин тийгизип, эс алуучулардын ден соолугу үчүн кооптуу кырдаал жаратууда.

Суу мотоциклин өзгөчө кырдаалдарда гана колдонууга уруксат берилет.

Мыйзам бузган жарандарга 5 миң сом айыппул салуу каралган. Эгер бул жосун кайталанса, 15 миң сом айып салынат.

Ал эми юридикалык жактар үчүн 10 миң сом айып каралган (кайталанган учурда 20 миң сом айыпка жыгылат).

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынды, бирок азырынча карала элек.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости