www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

YouTube компаниясы өзбек тилиндеги каналдардын авторлорун материалдык жактан колдоону токтотту.

Акыркы жылдары Өзбекстанда видеоблогинг тездик менен өнүгүп, анын аркасы менен акча тапкан авторлор көбөйгөн. Алардын арасында YouTube каналдарындагы көрүүлөр үчүн эле бир нече миң доллардан тапкандары да болгон.

Бирок апрелден тартып өзбекстандык блогерлердин YouTube видеохостингиндеги тасмалардан түшкөн кирешелери кескин азайып кеткен. Буга YouTube компаниясынын жетекчилиги өзбек тилдүү аудиторияга арналган каналдардын авторлорун материалдык жактан колдоону токтоткону себеп болгон.

Компания азырынча бул чектөөнүн эмнеге байланыштуу экенин түшүндүрө элек. Qalampir.uz басылмасынын маалыматына караганда, мындай чечим Youtube Өзбекстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөнү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

YouTube компаниясы ишмердүүлүгүн расмий жүргүзбөгөн өлкөлөрдө блогерлер кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Алар YouTube Premium кызматтарын, демөөрчүлүк модулдарды жана YouTube.Music платформасын пайдалана алышат. Бирок Өзбекстанда бул кызматтар эч качан жеткиликтүү болгон эмес. Эми өзбек блогерлери жарнамадан да киреше таба албай калышат.

2016-жылы YouTube сайты Өзбекстанда алты күнгө бөгөттөлгөн. Бирок анда өлкөдө видеоблогерлик азыркыдай популярдуу эмес болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости