www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дүйнө боюнча 115 миң ак халатчан ажал тапты

Пандемия башталгандан бери дүйнө боюнча COVID-19 илдетинен 115 миң медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.  

Анын айтымында, азырынча отчёт толук чыга элек, оору менен күрөшүп жатып ажал тапкан ак халатчандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

"Дүйнөнүн бардык жеринде адам өмүрүн сактап калыш үчүн медиктер тиешелүү жабдуулар жана медикаменттер менен камсыздалган эмес. Аларга жетиштүү эмгек акы төлөнбөйт, сыйлашпайт, ошондой эле иштөө шарты да кооптуу. Саламаттыкты сактоонун кызматкерлери чыныгы баатырлар. Башкаларды коргойм деп өз жанын курмандыкка чалды", — деп билдирүү жасаган Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 74-сессиясында.

Аталган жыйын 24-майдан 1-июнга чейин виртуалдуу форматта өтөт. Негизги тема катары пандемияны тез арада ооздуктоо зарылчылыгы, дени сак, коопсуз жана адилеттүү коомдуу түзүү менен кийинки пандемияга даярдыкты камсыздоо каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости