www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы—Тамчы—Корумду жолунда иштеген куруучулар кайрадан нааразычылык билдиришип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жумушчулардын айтымында, алар август айынан бери айлык маяналарын алыша элек.

Нааразы болуп чыккан жумушчулар менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жолугуп, алардын көйгөйлөрүн өкмөткө жеткирип, маселени чечүүгө көмөктөшөрүн айтышты.

Балыкчы—Тамчы—Корумду жолунда иштин жүрүшү 31-октябрда токтогон, ал эми жумушчулар 4 айдан берки маянасын алуу үчүн ай сайын нааразычылык билдирип чогулушат, бирок азырынча тыянак чыга элек.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости