www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын президенти Джо Байдендин Чоң жыйырмалыктын (G20) саммитине кечигип келгенин сынга алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналына жазды.

Захарованын айтымында, буга чейин G20 жыйынына орус делегациясынын башчысы, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров келген.

"Бирок дагы деле баары Байденди күтүп жатышат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Чоң жыйырмалыктын саммити Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрда өтүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин иш-чарага катышуудан баш тартты, анткени кырдаал мамлекет башчысын өлкөдө болуусу артыкчылыктуу экенин көрсөтүп турат, деп билдирди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости