www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан менен Азербайжан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди түбөлүк достукка, өз ара ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негиздөө боюнча келишим түзүштү.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйынынын жыйынтыгында Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюшту.
Документке ылайык, тараптар бири-биринин суверенитетин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого, ошондой эле жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын жетекчиликке алууга милдеттеништи.
Эки өлкө өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүгүү жолун жана моделин тандоодо бири-бирин колдоого, ошондой эле негизги улуттук кызыкчылыктарга тиешелүү маселелерде өз ара позицияларды колдоого макулдашты.
Келишимде тараптар бири-биринин суверенитетине, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтире турган блокторго же союздарга катышпоого, ошондой эле бири-бирине каршы багытталган аракеттерге кошулбоого милдеттенгени белгиленген.
Мындан тышкары, өлкөлөр үчүнчү мамлекеттердин өз аймактарын экинчи тараптын суверенитетине, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү максатында пайдалануусуна жол бербөөгө макулдашты.
Келишимде парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, укуктук, соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган.
Тараптар транспорттук байланыштарды чыңдоо үчүн шарттарды түзүүгө да макулдашты.
Ошондой эле Өзбекстан менен Азербайжан жаңжалдардын алдын алуу жана аларды жөнгө салуу, аймактык жана глобалдык коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылуу маселелеринде БУУнун борбордук ролун бекемдөөгө берилгендигин билдиришти.
Келишим менен катар эки өлкөнүн ортосунда 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү боюнча программага, ошондой эле маданият, туризм жана пенсиялык камсыздоо тармактарындагы кызматташтык боюнча документтерге кол коюлду.
Мындан тышкары, Үргөнч–Ханкенди, Үргөнч–Нахчыван жана Бухара–Лачын шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү боюнча протоколдор кабыл алынды.
Түбөлүк достук жөнүндө келишим белгисиз мөөнөткө түзүлүп, үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталбаганы белгиленген.