www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 16-18-январь аралыгында мамлекеттик сапар менен Сингапурга барат. Бул өлкөнүн президенти жана премьер-министри менен сүйлөшүүлөр  жана  бир катар олуттуу документтерге кол коюу пландалган.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев Сингапурдун президенти Халима Якубдун чакыруусу менен аталган өлкөгө барат.

Саммиттин күн тартибине “өзбек-сингапур көп пландуу мамилелерин мындан ары бекемөө жана кеңейтүү маселелери” киргизилген.

Соода-экономикалык, инвестициялык, инновациялык жана транспорттук-коммуникациялык тармактарда, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Өзбекстан президенти Сингапурдун алдыңкы компанияларынын жетекчилери менен да жолугат. Сапардын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн бизнес-форуму өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости